КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы менен КИУнун мугалими Өзгөн районундагы дин кызматкерлери менен жолугушуп, китеп окуу конкурсу боюнча маалымат беришти

Кечээ, 16-январь күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы борбордук мечитте Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунун имамдарына «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу конкурсу боюнча маалыматтар берилди.

Иш-чарга КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, Ош облустук казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол ажы Бакиров, Кыргызстан Ислам Университетинин окутуучусу Шермухаммад Акматжан уулу, Өзгөн районунун башкы имам хатиби Акжол ажы Козубаев, хатибият кызматкерлери, медресе окутуучулары жана жергиликтүү имамдар катышты.

Иш-чарада Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгын окуу бөлүмүнүн башчысы Акмижан ажы Эргешов диний мекемелердин, анын ичинде имамдардын илим деңгээлин жогорулатуу максатында уюштурулуп жаткан «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу конкурсу боюнча маалымат берди.

«Муфтият, Кыргызстан Ислам Университети менен биргеликте имамдарга атайын китеп окуу конкурсун уюштурууда. Баш байге бир бөлмөлүү батир. Калган байгелүү орундарга акчалай жана кызыктыруучу белектер бар. Бул болгону бул дүйнөдөгү сыйлык. Эгер ушул китептерди окуп, журтубуздун ар кандай көйгөйлөрүн чечсеңиздер, акыретте күткөн эбегейсиз чоң сыйлыктар бар»,-деди Акимжан ажы Эргешов.

Ал эми Кыргызстан Ислам Университетинин окутуучусу Шермухаммад Акматжан уулу илим алуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, хадис усулунун эрежелери боюнча имамдарга баяндама жасады.

«Куран жана хадистерди туура түшүнүү үчүн алгач эрежелерди туура түшүнүүбүз кажет.Биздин конкурска катышкан диний кызматкерлер хадис усулун (хадис эрежелерин), фыкх усулун (ислам укуктары эрежелери) жана фыкхты (ислам укуктарын) үйрөнө алышат. Мен 10 жылдан бери ар кандай диний суроолорго жооп берип келем. Суроолордун көпчүлүк пайызын мына ушул ислам укуктары китебинен жолуктурууга болот. Бул китептерди имамдар толук кандуу пайдаланып, журтубузга кызмат кылат деген үмүттөмүн», -деди Шермухамад Акматжан уулу.