КМДБнын ОТКнын мүчөсү Шерик ажы Карабеков эки фонддун ыраазычылык баракчасы менен сыйланды

Бүгүн, 18-январда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын отчёттук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Шерик ажы Карабеков “Кайрымдуу-Эне” коомдук кайрымдуулук фондунун ыраазычылык каты менен сыйланды. Мындан тышкары “Биз сезебиз” коомдук кайрымдуулук фондунун дагы ыраазычылык баракчасына ээ болгон.

Мындай ыраазычылык баракчалар Шерик ажынын 2020-жылы өлкө аймагындагы пандемия маалында жардамга муктаж үй-бүлөлөргө кол сунуп, жеке каражатынын эсебинен бир топ сооп иштерин жасаганы үчүн берилген.  

“Кайрымдуу-Эне” кайрымдуулук фонду Шерик ажынын Чүй облусунда каттоодо турган муктаж үй-бүлөлөрдүн, өзгөчө пандемия учурунда муктаждарга көңүл буруп, моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык баракча менен сыйлайт”,-деп айтылат фонддун тараткан маалыматында.