Кызыл-Кыя шаарындагы «Аррахман мечити» муктаж үй-бүлөлөргө 25 тонна көмүр таратты

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы «Аррахман» атындагы мечиттин имамы Мухаммад Абдикулов Кадамжай району жана Кызыл-Кыя шаарындагы ата-энесинен ажыраган үй-бүлөлөргө жалпы 25 тонна көмүр таратты.

 “Жетимдин чачынан сылап коюунун өзү эле эсепсиз сооп, сыйлыкка татыктуу иш. Ал эмес жетимдин кепилдигине алып, жардам берген адам өзү менен сөөмөй менен ортондой жакын болоорун да пайгамбарыбыз айтып өткөн. Ошондуктан пайгамбарыбыздын куттуу сөзүнө амал кылуу максатында кайрымдуулук жасалды”,-деди  уюштуруучулар.