Араван райондук хатибияты ЖКККБ менен биргеликте жол кырсыктарын алдын алуу максатында түлөө өткөрүп, айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

Ош облусуна караштуу Араван районунун борборунда Араван райондук хатибияты ИИМдин ЖККК бөлүмү менен биргеликте жол кырсыктарын алдын алуу максатында Жараткандан элибиздин амандыгын тилеп, түлөө өткөрүп, маршруттук жана такси айдоочуларына адамдын жаны аманат экендиги түшүндүрүлдү.

Иш-чарага Араван районунун башкы имам хатиби Алибек ажы Жусупов, ЖКККБ жетекчиси Сапарбек Калыков, ИИМдин кызматкерлери жана жергиликтүү айдоочулар катышты.

Иш-чарда Араван районунун башкы имам хартиби Алибек ажы Жусупов адам жаны аманат экенин баса белгилеп,  маршруттук жана такси айдоочуларына ылдамдыкты көрсөткөн чектен ашырбоого, жол эрежесин сактоого чакырды.

«Чындыгында адам жаны аманат.Ыйык Курани карим китебинде «Бир адамды өлтүргөн бүткүл адамзатты өлтүргөн менен барабар. Ал эми бир инсанды сактап калган, бүткүл адамзатты сактап калган менен барабар»,- деп келет. Жалпыңыздарды  жол эрежесин жана адам өмүмүрүн  сактоого чакырамын», -деди Алибек ажы Жусупов.