Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы болуп Жээнбеков Нематила Пусурманкулович дайындалды

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы болуп  Жээнбеков Нематила Пусурманкулович дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кол койду.

Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев облустук  казыяттын жалпы эмгек жамааты менен жолугуп, казыяттын ишмердүүлүгү жоопкерчиликтүү экендигин баса белгилеп, жаңы дайындалган Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысынын ишине ийгилик каалады.