Ордо калаадагы дин кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өтүп, «Билимдүүгө дүйнө жарык» аталышындагы китеп окуу конкурсу боюнча маалымат берилди

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Аппарат жетекчиси Равшан ажы Эратов,  КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрназар ажы Асатов жана  Кыргызстан Ислам Университетинин мугалими Шермухаммед ажы Акматжан уулунун катышуусунда Бишкек шаарындагы «Имам Сарахси»  атындагы башкы мечитте калаадагы имам хатибдер жана медресе мугалимдеринин катышуусунда атайын жыйын өттү.

Жыйындын алкагында КМДБ жана КИУ тарабынан уюштурулуп жаткан  «Билимдүүгө дүйнө жарык» аталышындагы китеп окуу конкурсу тууралуу кенен маалымат берилип,  бүгүнкү күнү китеп окууга болгон кызыгуунун азайгандыгы жана  учурда дин кызматкерлери колдон келишинче көбүрөөк китеп окууга аракет кылуулары керектиги айтылды.  

«Дин Башкармалыгы колдон келген аракетибизди жасап, диний кызматкерлердин билим деңгээлин көтөрүү максатында этап-этабы менен окууларды уюштура баштайбыз. Алгачкылардан болуп  «Билимдүүгө дүйнө жарык» конкурсу аркылуу негизги делген 3 китепти окуп чыга турган болсок, сыйлык утпасак деле окуганыбыз өзүбүз үчүн пайда болуп кала бермекчи»,- деди КМДБнын Аппарат жетекчиси.

Китеп окуу аркылуу инсан чоң ийгиликтерге жете алат. Андыктан биз дайыма өзүбүздүн жан дүйнөбүздү китеп аркылуу байытып туруубуз зарыл. Мындай пикирин КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов билдирди.

«Кээ бир мамлекеттерде китеп окуу жалпы элдин санына бөлгөндө 5-6 китептен туура келет экен. Ал эми биздин Кыргызстанда бул көрсөткүч жылына бир кишиге 5 беттен айланат экен. Ошондуктан коомубузду китеп окууга көндүрүп, алгач өзүбүз китеп окууну башташыбыз керек болуп турат.  Бири-бизге түрткү болуп, ушундай конкурстарды уюштуруу аркылуу аз да болсо элибиз китеп окуп калса, деген максатыбыз бар. Китепке жакын инсандар катары, медресени бүткөн, илим окуган инсандар катары баарыңыздарды бул конкурска катышууга чакырып кетем»— деди КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы.

Кошумча маалымат: «Билимдүүгө дүйнө жарык» китеп окуу конкурсу дин кызматкерлеринин арасында биринчи жолу уюштурулуп, баш байге борбор калаадан 1 бөлмөлүү батир коюлган. Конкурска 4 китеп тандап алынып, ар бир китеп боюнча жеңүүчүлөр аныкталат. Катталуу 20-февралга чейин улантылып, 27- февраль күнү конкурс өткөрүлөт.