Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев дарыгерлерди сыйлады

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев шаардагы медресе жаштарын медициналык кароодон өткөрүп, дарылоо кызматын көрсөткөнү үчүн тиш дарыгерлери Бекболот уулу Расул жана Бекболот уулу Альбертке мактоо баракчасын тапшырды.

«Соопчулук иштерин жүргүзүп, медреседе билим алган окуучулардын саламаттыгын кам көргүнү үчүн дарыгерлердин мындан аркы ишине ийгиликтерди каалайбыз. Жараткан Алла Таалам өмүрлөрүнө береке берсин», — деди Убайдулла ажы Сарыбаев.

Айта кетсек, Альберт жана Расул Ош шаарындагы медресе жаштары менен гана чектелбестен, Чүй облусундагы айрым медреселерди да зыярат кылып, тиштерин акысыз даарылап беришкен.