Тоңдун Коңур-Өлөң айылынын тургундары жергиликтүү мечитти жылуулап, хужуркана салып беришти

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Коңур-Өлөң айылынын тургундары жергиликтүү мечитке жылытуу системасын орнотуп, хужуркана салып беришти. Бул тууралуу  аталган райондун баш имам хатиби Таалай ажы Акунов билдирди.

Маалыматка ылайык, жылытуу системасын киргизүүгө 80 миң сом жумушалып, аны жергиликтүү тургун Нурбек Мукаев өз ыктыяры менен, үй-бүлөсүнүн  атынан бөлүп берген. Ал эми мечиттеги кошумча курулуш катары салынып жаткан хужуркананы 1995-жылы туулган айыл жаштары демилгелеп, салып беришүүдө.

“Бүгүнкү күндө хужуркананын чатыры жабылып,  дээрлик бүткөрүлүп калды. Мындан сырткары буга чейин мечиттин тегерек-чети да курчалган. Ошондой эле Коңур-Өлөңдүн мечитинин имамы Жылкыайдар Койчумановдун айтымында жылытуу системасы орнотулгандан кийин дагы бир айыл тургуну өз демилгеси менен 130 литр кышында тоңбой турган суюктук болуп эсептелген  антифризди куюп берген”,— деди Таалай ажы Акунов.