Тоң районунун борбору Бөкөнбаев айылында улуттук колоритте жаңы мечит салынып жатат

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында улуттук колоритке шайкеш келген жаңы мечит салынып жатат. Бул тууралуу райондун баш имам хатиби Таалай ажы Акунов маалымдады. Билдирүүгө ылайык, мечиттин курулушун  жергиликтүү ишкер Азат ажы Исакунов демилгелеп,  өзүнүн каражатына салууда.

“Жаңы мечит көчмөн элинин улуттук үйү болгон боз үйдүн түзүлүшүндөй болуп салынып жатат. Ал болжолдуу түрдө 200 кишинин намаз окуусуна ылайыкталып, ичинде бардык шарттар каралган. Негизги демөөрчүдөн сырткары жергиликтүү тургундар да көмөктөшүп, жаңы мечиттин курулушун колдоого алышууда,”—деди Таалай ажы Акунов.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Ысык-Көл облусунун борбор калаасы Кааракол шаарында да жеригилктүү ишкер  Нурлан Керимовдун демилгеси жана  демөөрчүлүгү алдында “Ажы Керим” мечити салынып, ишке берилген. Бүгүнкү күндө ал  кыргызстандык  демөөрчүлөрдүн колдоосу менен салынган мечиттердин бири болуп саналат.