Чүй облусундагы баш имам хатибтерге жыйын өткөрүлүп, 2021-жылга карата иш план талкууланды


Бүгүн, 21-январь күнү Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагуловдун демилгеси менен облустагы баш имам хатибтерге жыйын уюштурулду. Көчмө жыйын Москва районуна караштуу Александровка айылында өтүп, өткөн жылдын жыйынтыктары жана 2021-жылга карата иш план талкууланды.

Аталган жыйынга Чүй казыятынын кызматкерлери жана облустагы баш имам хатибтер катышты. Иш-чара алкагында ар бир имам хатиб өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат беришип, 2021-жылга карата иш пландарын тапшырышты.

Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов өз сөзүндө имам хатибтерди жана жалпы диний кызматкерлерди ынтымак-биримдикке чакырып, ар бирин өз ишин кынтыксыз аткарып, имамчылык бул Жараткан Кудай Тааланын өкүмдөрүн жалпы журтка жеткирүү кызматы экендигин баса белгиледи.

«Аймагыбызда диний чөйрө өнүгүү үчүн, мусулмандардын, жалпы журттун башы биригип, ынтымак-биримдикте иш алып баруубуз керек. Ой-максатыбызды бириктирели. Ичибиздеги жаман сыпаттарды тазалап, алдыга динди коелу. Ар кандай ушак, чакымчылыктарга алып бара турган иш арекеттерден оолак бололу»,-деди Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов.

Иш-чара 2 саатка созулуп, суроо-жооп жана отчеттор айтылды. Ошондой эле жыйынга катышпай калган баш имамдарга казыят тараптан катуу эскертүү берилип, атайын протоколго белгиленди.

Ошону менен катар жакынкы арада КМДБ жана Кыргызстан Ислам университети тарабынан өткөрүлө турган «Билимдүүгө дүйнө жарык» аталышында китеп окуу конкурсу боюнча маалымат берилди.

Жыйын аягында имам хатибтерге бир айлык тапшырмалар берилип, эмки жыйынга чейин ар бирин так аткаруу баса белгиленди.