Ак-Талаанын Кара-Бүргөн айылындагы мечит оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айылындагы мечит оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев билдирди.

Анын билдиргенине караганда, Кара-Бүргөн айылынын мечитине ички ремонтуна жана сыртка ажаткана, көмүр киргизе турган навес салууга айыл жаштары тарабынан 95 миң сом акча каражаты чогултулган.

Чогулган акча каражатына  мечиттин жамааты жана айыл жаштары оңдоп-түзөө иштерин толук жасап бүтүрүшкөн. Мындан сырткары мечиттин жылуулугуна жеке ишкер Мурадил Сыдыков демөөрчүлүк кылып, өз чөнтөгүнөн 100 миң сом акчалай каражат берип жиберген. Берилген акча каражатына керектүү материалдар алынып келинип, айылдык жаштар жардам катары мечиттин жылуулук системасын (отоплениесин) коюп беришти.

«Айыл жаштарына өзүмдүн атыман жана хатибияттын атынан ыраазычылык билдирем. Жергиликтүү жашоочулар, жаштар өздөрү демилге көтөрүп иш бүтүрүп жатышканы абдан жакшы жышаан. Ошондой эле демөөрчүлүк кылган  жеке ишкер Мурадил Сыдыков агабызга Аллах ыраазы болсун»,- деди баш имам хатиб.