Баткенде дин кызматкерлери өздөрүнүн ишмердүүлүгүн жаңы демилгелер менен башташат

20-январь күнү 2021- жылына карата Баткен облустук мусулмандар казыятына караштуу район-шаарлардын баш имам хатибдери, медресе мугалимдернин  катышуусунда Баткен казыятында  жыйын болуп өттү.

Жыйын алкагында:

  • Хатибият жана медреселердин  бир жылдык  планы;
  • Жергиликтүү  бийлик өкүлдөрү менен кызматташуу;
  • Мечит, медреселерди каттоону тездетүү;
  • Дин кызматкерлери үчүн окуу курстарын уюштуруу;
  • Массалык маалымат каражаттары менен кызматташуу;
  • Ар түрдүү маселелер каралды;

Жыйынга Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов, ДИМК Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов казыят кызматкерлери катышты.

“Мамлекетибиздин өнүгүүсүнө дин кызматкерлеринин салымы чоң деп ойлойм. Бүгүн райондук жана шаардык баш имам хатибдерге имамдар медресе мүдүрлөрү  арасында жакшылыкта атаандаштыкты күчөтүү максатталды. Ошондой эле 3 айдын ичинде бүгүнкү өтүлгөн жыйында берилген тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө милдети жүктөлдү”,-деди облус казысы.