Манас районунун Чеч – Дөбө айылындагы “Бабур ” атындагы мечити пайдаланууга берилди

Талас облусунун Манас районундагы Чеч – Дөбө айылындагы “Бабур ” атындагы мечит жараксыз абалга келгендиктен, анын ордуна жаңы заманбап мечит курулуп, анын салтанатту ачылыш аземи болду.

Аталган мечит «Ассанабил» коомдук фонду тарабынан салынган. Анын ачылышында Куран окулуп,  элибиз жана мамлекет үчүн дуалар кылынды.

Иш-чарага Жогорку кеңештин депутаты Дастан Жумабеков, «Ассанабил» фондунун төрөгасынын орун басары, Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев, казынын орун басары Касым ажы Сыдыков, Талас облусунун мурдагы ыйгарым укукту өкүлү Марат Мураталиев, райондун имамдары жана айылдын тургундары катышышты.

Мечиттин ачылыш аземинде Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев демөөрчүлүк кылган фонддун өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирип, ушундай оор кырдаалда бир – бирибизге көмөктөшүп, Аллах жолунда чогуу эл үчүн, дин үчүн кызмат кылууга чакырды.