Ош шаарындагы «Хидаят-Нур» мечити бардык шарты менен эки кабат салынып, ишке берилди

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Хидаят-Нур» мечити ибадат кылууга ыңгайлаштырылып, заманбап шарты менен кеңейтилди. Мечиттин аянты кичине болгондуктан, эки кабат болуп салынды.

Ошону менен бирге заман талабына ылайык мечиттин имамы үчүн өзүнчө бөлмө бөлүнүп берилди. Дааватчыларга ыңгайлуу болуусу үчүн чакан ашкана да кошо курулган. 

Мечиттин имамдын айтымында, мечитти калыбына келтирүү иштерине жергиликтүү жамаат өздөрү демөөрчүлүк кылышкан. Учурда мечит 150 адамга ылайыкташкан.

«Убагында мечитибиз намазкана болуп турган. Казыят кызматкерлеринин аракетинин негизинде мечит катары эсептик каттоодон өтүп, иштеп келүүдө. Мечитибиздин жамааты ынтымак болгондуктан, колдон келишинче мечитти өнүктүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз»,-деди мечит имамы Кабулжан ажы Исмаилов.