Кадамжайда жардамга муктаж 8 үй-бүлөнүн ар бирине 6 миң сомдон акчалай жардам берилди

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Көк-Талаа айылында атасы жок 8 адамга Кадамжай районунун баш имам хатиби Иброхим Хайиткуловдун демилгеси менен ар бирине 6 миң сомдон акча каражаты таратылып берилди.

“Муктаждарга жардам көрсөтүү, мусулман бир туугандын зарылчылыгын бүтүрүү, жакырларга жумшак болуу ж.б сыяктуу амалдар өтө сооптуу жана таалим- тарбия багытында да таасири бар. Колубуздан келишинче кайрымдуулук иштерин дагы да уланта бермекчибиз”,-дейт Иброхим ажы.