ОшМУнун теология факультети тарабынан Убайдулла ажы Сарыбаевге ыраазылык баракчасы тапшырылды

Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин мугалимдер жамаатынын атынан факультеттин деканы  Ажиматов Зайнаб Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаевге ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Мындай ыраазычылык баракча Убайдулла ажынын окуу жай менен тыгыз кызматташып, Ислам дининин асыл баалуулуктарын жайылтканы үчүн берилген.  

«Сиз жетектеген жамааттын ийгиликтерин баалоо менен бирге элибизге Ислам дининин баалуулуктарын үйрөтүү жаатындагы жигердүү аракетиңиздер, өлкөбүздүн диний жана маданий агартууга болгон салымыңыздар жана эң башкысы ОшМУнун теология факультети менен тыгыз кызматташууңуздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз»-деп билдирди Зайнабидин Ажиматов ыраазычылык баракча тапшырган учурда.