Өзгөндө мектеп мугалимдерине жыйын болуп, Ислам дининин асыл баалуулуктары боюнча маалыматтар берилди

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Чыңгыз Айтматов орто мектебинде Өзгөн шаарынын мектеп мугалимдерине жыйын болуп, Ислам дининин асыл баалуулуктары, өзүнүн жанына өзү кастык  кылуу, илим алуунун маанилүүлүгү жана жоолук салынуу маселеси боюнча маалыматтар берилди.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурилло Шамаматов, Өзгөн шаарынын Кайрагач кварталынын жетекчиси Хабибулло Турдиев, Өзгөн шаар мэриясынын жетектөөчү адиси Тухтасин Мамасолиев, Ч. Айтматов орто мектебинин директору Абдымухтар Носиров жана Өзгөн шаарына караштуу мектеп мугалимдери катышты.

Иш-чарада Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев жүрүм-турум адеби, илим алуунун маанилүүлүгү, улууларга урмат кылуу жана өзүнүн жанына өзү кастык  кылуунун динибиздеги өкүмдөрүнө токтолуп, мугалимдерди бул жаатта олуттуу иш алып барууга чакырды.

“Мусулман болуп өзүнүн жанына өзү кастык кылса ал бардык мусулмандарды өлтүргөн менен барабар. Ошондой эле бир мусулманды өлтүргөн болсо дагы бардык мусулмандарды өлтүргөн менен барабар. Ыйык Куранда айтат: “Ким бир мусулманды өлтүрсө, ал бардык мусулмандарды өлтүргөн менен барабар. Эгер тескерисинче ким бир мусулманды тирилтсе, бардык мусулмандарды тирилткен менен барабар” деп келет. Мына ошондуктан сиздер менен биз мектеп окуучуларына туура тарбия берүүбүз кажет”, — деди Самидин кары Атабаев.

Ошондой эле облус казысы күнүбүздө чоң ажырымды жараткан жолук маселесине токтолуп, анын ислам дининдеги өкүмдөрү боюнча түшүндүрмө берди.

“Жоолук — динибизде балакатка жеткен ар бир аялга парз. Анын артыкчылыктары аябагандай эле көп. Мугалимдердин талабы болгону үстүндөгү жолук ак болсун деди. Мындан улам бул маселени мектеп мугалимдери өздөрү эле чечип койсо болчудай”, — деди облус казысы Самидин кары Атабаев.