Ош шаарында диний окуу жайлардын мугалимдери үчүн уюштурулган окуу семинары жыйынтыкталды


Кечээ, 24-январда Ош шаарындагы «Орто Азия» мейманканасынын жыйындар залында Баткен, Жалал-Абад, Ош облусу жана Ош шаарындагы диний окуу жайлардын мугалимдери катышкан 3 күндүк семинардын жыйынтыктоочу күнү болуп, катышуучуларга атайын сертификаттар тапшырылды.

18 сааттык  квалификациялык деңгээлин жогорулатуу үчүн уюштурулган семинарда заманбап ыкмалар аркылуу сабак алышты жана өздөрү да көптөгөн жаңы ыкмалар менен сабак өтүүнү өздөштүрүштү.

Семинардын максаты диний окуу жайлардын мугалимдери студенттерге жеткиликтүү сабак берүүнүн бир канча түрлөрүн өздөштүрүп, диний сабаттуулукту жогорулатуу болуп саналат.

Семинар КМДБ, «Исар» фонду жана «Жаркын жаштар келечеги» коомдук кайрымдуулук фонду менен биргеликте уюштурулуп, ар бир медреседен бирден мугалим катышты.

Сабактын жүрүшү араб тилинде доктор Атиф Рифаи тарабынан жүргүзүлгөн. Ошону менен бирге семинардын 3-күнү Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев «Акыйда» боюнча өз баяндамасын жасады.

Эскерте кетсек, бул иш-чаранын алгачкы этабы КМДБ жана «Исар» фонду тарабынан биргеликте 2020-жылдын 14-февралында Ош шаарындагы «Сан райс 2» мейманканасынын жыйындар залында өткөрүлгөн болчу.