Жалал-Абад облусунун жаңы дайындалган казысы Нематулла ажы Жээнбеков экс казылар менен жолугушту

25-январда Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков буга чейин Жалал-Абад облусунда казы болуп иштеп кеткен  казылар менен жолугушуп, алар менен баарлашты.

Өз кезегинде казылар тажрыйбалары менен бөлүшүп, жаңы дайындалган облус казысы Нематулла ажынын мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

“Урматтуу казы дамылалар! Чакырыка жооп берип, кеп-кеңешиңиздерди бергениңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Жалал-Абад облустук казыятын түзүүдө, түзүлгөн казыяттын ишин улантууда ар бириңиздердин зор эмгегиңиздер бар.  Сиздердин эмгегиңиздерди баалап, кийинки урпактарга  тарых барактарында сакталуу үчүн, ар бириңиздердин  иштеген жылдарыңыздар, өмүр-баяныңыздар сыймык менен облустук казыяттын ардак тактасында илинип тураарын билдирип кетемин”,-деди облус казысы Нематулла ажы.