Ош шаарынын Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдулазиз ажы Абдурахманов «Абу Бакр Сыддык» мечитин зыярат кылды

Бүгүн, 25-январь күнү Ош шаарынын Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдулазиз ажы Абдурахманов Ош Эл аралык аэропортунда жайгашкан «Абу Бакр Сыддык» мечитине зыярат кылды. Имамдын демилгеси менен мечитке жаңы салынган килем жана чаң соргуч үчүн имамга жана мечит кызматкерлерине ыраазычылык билдирүү менен бирге тазалыгы боюнча дагы да көңүл бурууга чакырды.   

«Мечиттин тазалыгына, өркүндөшүнө көп жылдан бери өз салымыңыздарды кошуп келүүдөсүздөр. Чет өлкөдөн келген коноктор эн алгач ушул мечиттен намаз окугандыктан, мечитте бардык шарттарды түзүп, өз ишиңиздерге жоопкерчиликтүү мамиле кылууңуздарды дагы бир жолу эскертип өтөм. Эскертүү момундар үчүн пайда гана болуп саналат. Ошону менен бирге жамаат алдында сиздерге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз»,- деди Абдулазиз ажы Абдурахманов.  

Айта кетсек, акыркы бир ай ичинде Ош Эл аралык аэропорту жана жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен мечитке жаңы килем салынып, чаң соргуч дагы алынган.