Баткен облусундагы дин кызматкерлерге «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу конкурсу боюнча түшүндүрмө берилди

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов жана казыят, хатибият кызматкерлери, Кыргызстан Ислам Университетинин окутуучусу Шермухаммад Акматжан уулу биргеликте 23-январь күнү Кадамжай, Кызыл-Кыя шаарынын дин кызматкерлерине 24-январда Баткен район, шаарынын имамдарына, ал эми 25-январда Сүлүктү, Лейлек районунун имамдарына жыйын өткөрүлүп, анда «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу конкурсу боюнча түшүндүрмө  берилди.

«Конкурс Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети КР диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын талабын ылайык диний кызматкерлердин билим деңгээлин жогорулатуу максатында уюштурулду. Кудай буйруса бул долбоор дагы улантылат. Дин кызматкерлери ар тараптуу билимге ээ болуусу керек»,- деди Акимжан ажы Эргешов.

Ал эми Кыргызстан Ислам Университетинин окутуучусу  Шермухаммад Акматжан уулу хадис усулунун эрежелери боюнча имамдарга баяндама жасады.

Ошондой эле Акимжан ажы Эргешов иш сапардын алкагында  диний окуу жайлардын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты.

Белгилей кетсек, конкурска каттоо 20-февралга чейин уланат. Сынак 27-февраль күнү өткөрүлмөкчү.