Нарын казыятынын аялдар бөлүмү Куран курсунун 39 бүтүрүүчүсүнө сертификат тапшырды

Нарын облустук казыятынын аялдар бөлүмү өздөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшырды. Иш-чарага Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев жана анын орун басары Эрик Молдокулов  катышып, Куран жаттаган жана жалпы эле Нарын казыятынын сабактарына катышкан эже-карындаштарга лекция окуду.

Андан соң аялдар бөлүмүндө өтүп жаткан Куран курсуна катышып, окуганды үйрөнүп, сүрөө жаттаган 39 аялга сертификат тапшырылып, белектерди ыйгарды.

Алар 44 саат Куран, 24 саат тажвид, 18 саат фикх , 18 саат акыйда, жалпы 104 саат сабак алышкан. Алардын арасында 60-70 жаш курагына келген апалар да бар. Айрымдары арабча тамганы окуганды курска келип үйрөнүп башташкан. Алардын арасынан Мукаева Гүлкайып Курандын 1 пара, 37 сүрөө жана Ясин сүрөөсүн толук жаттаган. Ошондой эле Шаиева Кынымкан 24 сүрөө жаттап, курска катышкандардын алдыңкыларынан болушту.

Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев: «Куран окуу аял-эркек дебей, баарыбызга милдет. Айрыкча үйдө бала тарбиялаган энелерге Куран окуу, аны түшүнүп, жашоодо пайдалануу баланын жаштайынан баштап жакшы өсүүсүнө таасири тиет. Аял билимдүү болгон болсо балдар билимдүү болушат. Балдарыңыздарга дагы Куран үйрөтүңүздөр», — деди ал.

Эске салсак, Нарын казыятынын алдындагы аялдар бөлүмү аялдар үчүн Куран курсу 2020-жылдын  ноябрь айынан тарта иш алып барып келүүдө.