Баткендин Рават айылындагы мечитте заманбап шарттар түзүлүүдө

Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Рават  айылында жайгашкан “Баймурат ” мечитинин имамы Жаныбек Эсенбековдун  демилгеси менен аталган айылдын жашоочулары жана чет өлкөдө эмгектенген жарандарыбыздын колдоосу менен мечитти кароосуна заманбап даараткана, ашкананын курулуш иштери жүрүүдө

Андан сырткары  мечиттин ичин да оңдоп түзөө иши жүрүүдө

“Жергиликтүү жашоочуларды жана чет жактан иштеген мекендештерибиздин жардамы менен мечитке келген жамаат үчүн  ыңгайлуу шарт түзүү максатында ушул иштерди жасап жатабыз. Ар бир колдоо көрсөткөндөргө Жаратканым соопторун эселеп берсин”,-деди мечит имамы.