Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев Свердлов районунун мечиттерин кыдырды

Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев ордо калаадагы Свердлов районунун мечиттерин кыдырып, имамдардын иши менен жеринен таанышты.

Анда негизинен мечиттердин тазалыгы, мечиттин документтери, имамдын жасап жаткан иштери жана мечитте уюшулган  сабактары  каралды. Свердлов району борбор калаадагы мечиттер эң көп жайгашкан район  жана шаардын борбордук бөлүгүндө орун алгандыктан бул райондогу мечиттер элдин эң көп намаздарга келген аймагы болуп эсептелет.

Ошондуктан колдон келишинче такай бул райондогу мечиттерди көзөмөлгө алып туруу зарыл. Мындай пикирин айткан Замир кары төмөнкүлөргө да токтолуп кетти: 

«Биз кезек-кезеги менен шаардагы мечиттерди бир бирден кыдырып, акырындык менен кемчиликтерди жоюуга аракет жасай беребиз. Негизинен мечиттер, имамдар колдон келген аракеттерин жасашып, динибизге кандай шарт болбосун кызматын кылып келе жатышат. Биз да имадарыбызды колдоого алып, кемчиликтерди биргеликте жоёбуз деп ишенип кетем»,- деди.