Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев ОшМУнун теология факультетинин ыраазычылык баракчасы менен сыйланды

Бүгүн, 26-январда Ош Мамлекетттик университетинин теология факультетинде Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев теология факультетинин ыраазычылык баракчасы менен сыйланды.

Иш-чарага теология факультетинин деканы Зайнабидин Ажиматов, Ош облустук казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол ажы Бакиров, теология факультетинин деканынын орун басары Юсуф Доган, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков, «Ыйман» гимназиясынын мүдүрү Тахир Мехтиоглу жана Ош облустук казысынын жардамчысы Иманбек Азизилла уулу катышты.

Иш-чарада облус казысы Самидин кары Атабаев теология факультети илимий эмгектерди топтошторууда жана квалификациялуу кадрларды даярдоодо салымы чоң экенин баса белгилеп, эки тараптуу кызматташууга дайыма даяр экенин баса белгиледи.

«Диний баалуулуктарды үйрөтүүдө теология факультети менен дайыма кызматташып келгенбиз жана дагы да кызматташа бермекчибиз. Ошондой эле сиздерден чыккан мыкты кадрларды ар кандай диний идараларда жана окуу жайларда пайдалануудабыз», — деди облус казысы.

Ал эми ОшМУнун теология факультетинин деканы Зайнабидин Ажыматов Ош облустук казыятынын эмгек жамааты ислам динин үйрөтүүдө, өлкөбүздө диний жана маданий агартууга зор салым кошконун жана ошондой эле окуу жай менен тыгыз кызматташууда болуп келгенин баса белгилеп, облус казысы Самидин кары Атабаевге ыраазычылык баракчасын тапшырды.