Манас районунун Пакровка айылындагы «Бахрейн» атындагы мечит пайдаланууга берилди

Талас облусунун Манас районунун  Покровка  айылындагы “Бахрейн ” атындагы жаңы заманбап мечит пайдаланууга берилди. Анын ачылышына Жогорку Кеңештин мурдагы төрөгасы Дастан Жумабеков, Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев, «Ассанабил» фонду, казынын орун басары Касым ажы Сыдыков, казыяттын  окуу бөлүмүнүн адиси Абдысамат уулу Өмүрзак, Талас облусунун мурдагы ыйгарым укукту өкүлү Марат Мураталиев, райондун имамдары жана айылдын тургундары катышышты.

Мечиттин ачылышында облус казысы Таалайбек ажы Бапиев ушул мечит  келечек муундардын таалим-тарбиясына көңүл буруп, жергиликтүү айыл эли үчүн кызмат кылган ыйман ордосуна айланышын тилеп, ак батасын берди.  

«Алла Таалам мечиттин ачылышына демөөрчүлүк кылып, кол сунгандарга иштерине ийгилик, эселеп соопторун берген болсун! Эми бул жактан жаштарыбызды ар кандай терс агымдардан оолак кармап, элибизге Ислам динин асыл баалуулуктарын жайылтууда түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүүбүз керек»,-деди Таалайбек ажы.