Ош облусунда көзү азиздерди окутуу үчүн атайын диний окуу жай куруу масалеси талкууланды

Бүгүн, 26-январь күнү Ош облусунун муусландар казыятында Ош облусу аймагындагы көзү азиз окутуучулардын катышуусунда көзү азиздердерге диний билим берүү максатында атайын мекеме куруу көйгөйү талкууланды.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол ажы Бакиров, Курулуш жана мечит адиси Абдималик ажы Турсунбеков, казыяттын эмгек жамааты жана облус аймагынан келген көзү азиздердин окутуучулары катышты.

Жыйында облус казысы Самидин кары Атабев көзү азиздерди окутуу үчүн атайын диний окуу жай куруу зарылчылыгына токтолуп, бул жаатта казыят кызматкерлерине бир канча тапшырмаларды берди.

«Көзү азиздер жыл сайын 40га жакын көзү азиз балдарды тарбиялап, өздөрүнүн билимдерин берип келишет. Учурунда биз аларга колубуздан келишинче жакшы шарттарды түзүп берген элек. Убакыттын өтүшү менен ал талапка жооп бербей калып, башка аймакка көчүүгө аргасыз болушкан. Тилекке каршы учурда ал жерден да көчүп кетүүгө аргасыз болушууда. Эми алар үчүн атайын медресе же болбосо окуу борборун куруубуз кажет. Көзү азиздердин илим алуусуна шарт түзүп берүү үчүн, ар бир атуулду жардам берүүгө чакырамын», -деди облус казысы Самидин кары Атабаев.