Нарын районунда мечиттердин каттоосу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек Орозалиев Нарын райондорундагы бардык айыл өкмөт башчылары менен мечиттин каттоосу боюнча жолукту. Бул тууралуу райондук хатибияттан билдиришти.

Маалым болгондой, Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек Орозалев Нарын районундагы айыл өкмөт башчылары менен жолугушуу өткөрүп, мечиттердин каттоосу жана биргеликте аткара турган иштер боюнча талкуулашты.

Жолугушууну Нарын районунун акими Алтынбек Сеңирбаев уюштуруп, мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча тапшырмаларын берди.

«Жолугушууда жылдын башталышы менен, мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө аракет кылуу боюнча иш планга киргизүү тууралуу талкууладык. Мечиттерди каттоодон өткөрүү дагы жакшы иштерден экендиги айтып, бул иште жардам берип коюуларын суранып өтүндүк»,— деди баш имам хатиб.

Маалымат үчүн айта кетсек, Нарын району боюнча сегиз мечит мамлекеттик каттоодон өтө элек.