Лейлек райондук хатибияты Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан ыраазычылык кат менен сыйланды

Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы 2020-жылдын жыйынтыгын чыгарып, анын алкагында  Лейлек райондук хатибияты ыраазычылык кат менен сыйланды. Бул туурасында райондун баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дүйшөев билдирди.

Ыраазычылык кат аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын» жыйынтыгы менен Лейлек районунун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон салымы жана COVID-19  илдетинин алдын алууда, калк арасында түшүндүрүү иш-аракеттерине колдоо көрсөткөндүгү үчүн тапшырылган.

“Лейлек райондук хатибиятынын негизги максаттарынын жана пландарынын бири өлкөбүздүн биримдиги, ынтымагы жана өсүп өнүгүүсү үчүн жергиликтүү бийлик менен тыгыз кызматташуу. Ошондуктан биз ар дайым кызматташууга даярбыз”,дейт Абдиравшан ажы Дүйшөев