Кыргызстандагы диний окуу жайларынын мугалимдери квалификациялык билим деңгээлин жогорулатышты

Бүгүн, 27-январда Бишкекте Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын диний окуу жайлар бөлүмү Кыргызстандагы диний окуу жайларында эмгектенген мугалимдердин квалификациялык билим деңгээлин жогорулатуу максатында 3 күндүк окуу семинарын өткөрдү.

Окуу семинарында лекторлор Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, Кувейт мамлекетинен чакыртылган лектор Атыфи Ибрахим Рифаъий сабак өтүштү.

Анда лекторлор мугалимдердин дин тутуудагы аша чабуучулуктун кесепеттери, мусулмандын чынчылдыгы, Курандын өзөктүү маселелери жана хадис, фыкх илиминин негиздери тууралуу айтышып, өз тажрыйбалары менен бөлүштү жана маалыматтуулугун бекемдешти.

Окуунун жыйынтыгында Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев семинарга катышкан мугалимдерге атайын сертифкаттарды тапшырды.

Эскерте кетсек, мындай окуу семинары жыл сайын уюштурулуп келет. Бул жолку окуу семинарына жалпы 56 мугалим катышты. Семинар “Исар” коомдук кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен ишке ашырылган.