Борбордук мечитте Пайгамбарыбыз (САВ)дын өмүр баяны тууралуу сабак башталды

27-январь күнү Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев шаардык Борбордук мечитте Пайгамбарыбыз (САВ)дын  өмүр баяны тууралуу сабак баштады.

Мындай сабактар жумасына бир ирет  шаршемби күнү шам намазынан кийин болмокчу. Пайгамбарыбыздын жашоосуна кызыккан ар бир мусулманга сабакка катышуу үчүн эшик ачык.

«Биздин коом, биздин элибиз китеп окуган, илимге кызыккан коом болуп эсептелет. Пайгамбарыбызды биз китеп окуу аркылуу таанып билебиз. Ал эми мына мындай сабактарга, илим мажлистерине катышуу менен андан да жакшыраак биле алабыз. Себеби жамаат менен олтуруп, сабак үйрөнүү өзүнчө бир береке, өзүнчө бир нур болуп эсептелет. Ошондуктан колдон келишинче сабактарга катышып, пайдалуу насаатка ээ болуңуз», — деди Замир каары.