Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев менен жолугушту

Кечээ, 27-декабрда Жалал-Абад облустук казыятынын кичи жыйындар залында Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков Ош облусунуун казысы Самидин кары Атабаевди кабыл алып, диний кырдаал жатында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушууда облус казылары динибиздин асыл баалуулуктарын калкка жайылтуу, облустар аралык ынтымакты бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана  динибизге кызмат кылууда бири-бирине жакындан жардам  көрсөтүү маселелерине токтолушту.

“Ош облусунун жана Ош шаарынын казылары менен биргеликте кеңешип, диний иш-чараларды өткөрүү үчүн алдыга жакшы максаттарды коюп жатабыз. Негизинен бардык облустук казыяттар менен тыгыз байланышта кызматташа бермекчибиз”,-деди Нематулла ажы.