Нарын шаарында жергиликтүү бийлик мечиттердин жана имамдардын билимине өз баасын берди

Нарын шаардык мэриясы шаардагы мечиттерди кыдырып, мечитке келгендерге жакшы шарттар түзүлгөнүн, мечит жылуу, имамдардын билим деңгээли жогору  экени белгилеп, өз баасын беришти. Бул тууралуу Нарын шаарынын баш имам хатиби Алмаз Талипакунов билдирди.

Маалым болгондой, Нарын  шаарында дин маселелери, диний радикализимди жана экстремизмди  алдын алуу, каттоосу бар диний уюмдардын  ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүрдү.

Ага, Нарын шаарынын вице-мэри Назира Жумакадырова, Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча комиссиясынын Нарын облусундагы өкүлү Бегимай  Бектурова башында турган комиссия шаар аймагындагы мечитерди жана башка диний уюмдардын имараттарын кыдырып, мыйзамдуулук жагын карашып, төмөнкүдөй баасын берди.

«Бүгүнкү күнү Нарын шаарында 10 мечит бар. Анын ичинен  6 мыйзамдуу түрдө каттоодон өткөрүлгөн. Жергиликтүү бийлик мечиттердин абалын жана имамдардын билим деңгээли жогору экендигин билдирип, жакшы деген жогорку баасын берип өтүштү. Шаардагы 4 мечиттин дагы мыйзамдуу документтерин бүтүрүүгө көмөк көрсөтүшмөй болду»,-деди баш имам хатиб.