Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жоокерлерге өз баяндамасын жасады

Бүгүн, 28-январь күнү Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев №2024 аскер бөлүгүнө барып, жоокерлерге «Диний сабатсыздык» деген темада өз баяндамасын жасады.  

Лекцияга чек ара кызматкерлери катышкандыктан, аларга чек араны коргоо канчалык сооптуу амал экендигин айтып, Ислам дининин асыл баалуулуктары, бала тарбиясы жана жубайлардын ортосундагы мамиле жана адал тамактануу тууралуу айтып берди.  

«Оозубуздан кирген тамак адал болсо, оозубуздан жакшы сөздөр чыгат». Көзүбүзгө майда көрүнгөн кээ бир туура эмес кыймал аракетибиз, чоң жамандыктын башаты болоорун унутпаңыз. Анткени көзүбүзгө чоң көрүнгөн көлдөр деле тамчылардан куралган. Кайдыгерликтен сактангыла, анын акыбети жакшылыкка алып келбейт. Мына ошондуктан, жубайлар амалына бекем болсо, перзенттери ыймандуу, адептүү болуп чоңойот», -деди Убайдулла ажы Сарыбаев.