Жумгал районунун Баш-Кууганды айылынын жаштары айылда спирт ичимдиктерин сатууга каршы чыгышты

Нарын облусунун Жумгал районунун Баш-Кууганды айылындагы айылдык жаштар айыл ичинде спирт ичимдик сатпоо боюнча дүкөн ээлери менен сүйлөшүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган айылдын имамы Тилек Сабырбек уулу билдирди.

Анын билдиргенине караганда, айыл жаштар өз ара демилге көтөрүп, айыл ичинде спирт ичимдиктерин сатпоо боюнча дүкөн ээлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Жаштардын мындай талабына дүкөн ээлери дагы каршы эмес экенин билдиришкен.

«Жалпы айыл жаштары менен бирге өзүбүздүн айылдагы 10 дүкөндү кыдырдык. Дүкөн ээлери дагы жаштардын талабы туура экенин жана спирт ичимдиктерин алып келип сатууларын токтотобуз деп убадаларын беришти»,- деди ал.