Жумгалдын Баш-Кууганды айылынын жаштары муктаж үй-бүлөлөргө мал беришти

Нарын облусунун Жумгал районунун Баш-Кууганды айылындагы айылдык жаштар айылдагы колдоого муктаж болгон 4 үй-бүлөгө мал беришти. Бул тууралуу аталган айылдын имамы Тилек Сабырбек уулу билдирди.

Анын билдиргенине караганда, айыл жаштар өз ара демилге көтөрүп, айыл ичинде муктаж болгон төрт үй-бүлөнү колдоо максатында уй беришкен. Уйларды алар атайын каражат топтоп, айыл ичиндеги эң муктаждарына жетирип беришти. 

«Биздин айылдын жаштары жигердүү жаштардан. Буга чейин айылда спирт ичимдигин сатпоо боюнча өздөрү демилге көтөрүп чыгышкан. Эми азыркы учурда өз ара жаштар биргелешип каражат чогултуп, ал каражатка төрт баш уй сатып алдык. Аларды өзүбүздүн айылдагы  колдоого муктаж болгон үй-бүлөлөргө кышты тоют чөбү менен жеткирип бердик. Мындай жигердүү болгон жаштардан жараткан Аллах ыраазы болсун»,- деди айыл имамы.