Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков унаа кырсыгынан жабыркаган жарандарга зыярат кылды

Акыркы аптада Ысык-Көл облусунда жол кырсыктарынын саны өсүп, адам өмүрү кыйылган учурлар көп каттала баштады. Мисал катары айта турган болсок Түп районунун Балбай айылында жүргүнчү ташыган кичи автобус бакка урунуп, ичиндеги 17 кишиден бирөөсү набыт болгон.

Ошондой эле жума башында Жети-Өгүз Каракол унаа жолунда эки унаа кагышып, жыйынтыгында 21 жана 20 жаштагы Жети-Өгүз айылынын тургундары набыт кетти. Дагы экөөсү орууканада.

Мындан улам Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасына зыярат кылып, кырсыктын кесепетинен жабыркаган жарандарды жана алардын жакындарын сабырдуулукка чакырып өттү.

Айта кетсек, облус аймагындагы бардык мечиттердеги бүгүнкү жума хутбаларында «адам жаны аманат» акциясынын алкагында келгендерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча облустук казыят тарабынан тапшырылар берилди.