Чүй облусундагы дин кызматкерлерге «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу конкурс боюнча түшүндүрмө берилди


Кечээ, 28-январь күнү Чүй облусундагы имамдар менен диний окуу жайлардын мугалим жана мүдүрлөрүнө жыйын болуп, аларга «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу конкурсу боюнча толук маалымат берилди.

Аталган жыйын Чүй аймагы боюнча эки жерде, тактап айтканда Кемин, Токмок шаары, Чүй, Ысык-Ата, Кант шаары жана Аламүдүн райондорунун имамдарына Чүй районунун «Шабдан Ата» борбордук мечитинде жана Сокулук, Жайыл, Москва, Панфилов райондорунун имамдарына Садовое айылындагы мечитте болуп өттү.

Жыйынды КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, КИУнун окутуучусу Шермухаммад ажы Акматжан уулу жана Чүй казыятынын окуу бөлүмүнүн адиси Инхамали ажы Эгембердиев өткөрүшүп, илим алуунун зарылдыгы боюнча баяндамаларын жасашты.

Ошону менен катар КИУнун окутуучусу Шермухаммад ажы имамдарга «Хадис илиминин усулдары» боюнча түшүндүрмө берди.

«Конкурс диний кызматкерлердин илимин жогорулатуу максатында өткөрүлүп жатат. Имамдар ар тараптуу илимдин ээси болуп, карапайым калкка Ислам дини боюнча жеткиликтүү баяндамаларын жасап берүүгө милдеттүү. Андыктан китеп окуп, ар түрдүү конкурс жана окутууларга катышып туруу керек. Бул долбоор ушуну менен токтоп калбастан, мындан ары да улана бермекчи», — деди Чүй казыятынын окуу бөлүмүнүн адиси Инхамали ажы Эгембердиев.

Эске сала кетсек, аталган конкурстун баш байгеси – бир бөлмөлүү батри. Конкурска каттоо 20-февралга чейин уланат. Сынак 27-февраль күнү өткөрүлөт.

Чүй облусу боюнча сурап-билүү үчүн байланыш номерлери:
0778 73 09 09

0501 00 69 03