Садыбакас ажы Доолов: Жаштыкты туура пайдалануу керек

Кечээ, 29-январь күнү Ош шаарынын борбордук «Сулайман-Тоо» мечитинде Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Садыбакас ажы Доолов «Жаштыктын милдеттери» деген темада өз баяндамасын жасады.

Анда мечитке чогулган жамаатка, Ислам динин асыл баалуулуктарын, илим алуунун зарылдыгын жана жаштарга кайрылуу жасады.

«Мүмкүнчүлүк бар учурда пайдаланып калуу керек. Айта кетсек өлүм келгенче өмүрдүн, ооруп калганча ден соолуктун, картайып күч кеткенге чейин жаштыктын, кедей болуп калгыча байлыктын кадырын билүү керек. Ар бир нерсени туура пайдалануу менен ийгиликке жетесиздер. Өзгөчө жаштык доорду туура пайдаланып, максатты бийик коюш керек»,-деди Садыбакас ажы Доолов.