Өзгөндүн Көлдүк айыл аймагында Куран окуу жарышы болуп өттү

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айыл аймагындагы жаңы курулган «Ислам-Нуру» мечитинде жаштар арасындагы терс көрүнүштөгү окуялардын алдын алуу, Куранды туура жана так окуу боюнча Куранды тажвид эрежелери менен окуу жарышы болуп өттү. Өспүрүмдөр жана чоңдор арасында болду.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, жардамчысы Иманбек Азизилла уулу, жергиликтүү демөөрчү Эрнист Абдиллаев жана мечит жамаааты катышты.

Иш-чарада Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев жаштарды окутууга салым кошкон окутуучуга (устазга) ыраазычылык баракчасын тапшырып, Куранды тажвид эрежелери менен туура окуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

«Куран Жараткан Аллах Тааланын сөзү. Күндө беш убак намаз окууда Жараткандын сөзүн колдонуп келебиз. Мына ошол сөздөр башка мааниге келип калбоосу үчүн тажвид эрежелери маанилүү. Тил деген бош калса жаман сөздөрдү же ушактарды сүйлөйт. Ал эми Куран окууну үйрөнүп алсак, тилибиз ушак кылбастан Куран окуу менен алек болот», — деди облус казысы.

Конкрус катышкандарды калыстар тобу тигил же бу тарапты жактабастан, жана ошондой эле жаш карысы делбестен адилеттүүлүк менен мыктысы тандалып алынды.

Жарышта мыкты деп табылып, орундуктарга ээ болгон жаштарга «Ислам-Нуру» мечитинин курулуусуна себепчи болгон жергиликтүү жеке ишкер Эрнист Абдиллаевдин демөөрчүлүгү менен баалуу белектер жеринде тапшырылды. Мындан сырткары аталган мечитте 30 пара Куранды ким биринчилердин болуп жаттаган болсо, бир автоунаа белекке бере турганын жарыялады.