Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев кыздар арасында өтүп жаткан спорттук мелдештин ачылышына катышты

30-январь күнү Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Ош шаарындагы №18 мектепте жолук күнүнө карата кыздар арасында  өтүп жаткан спорттук мелдештин ачылышына катышты.

Иш-чарага казыяттын аялдар бөлүмүнүн башчысы Жамийла Жапашова жана облуска караштуу райондордон  келген кыздар катышты.

Спорттук мелдеш алгач маркумдардын урматына Куран окуу менен башталып андан соң Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев жолук салынуунун ислам дининдеги ордуна токтолду.

«Жолук салынуу эрежелерин бизге Пайгамбарыбыз (с.а.в) көрсөтүп берген. Бир күнү Пайгамбарыбыз (с.а.в) үйүнө келгенде Айша (р.а) энебиздин сиңдиси Асма энебиз да болгон экен. Анан Пайгамбарыбыз (с.а.в) тескери карап эшикке чыгып турду. Ошондо Айша (р.а) энебиз айтты «бул менин сиңдим го» деп. Көрсө Айша энебиздин сиңдиси балакатка жетип калаган экен. Анан Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Балакатка жеткен кыз  эки бети жана колдорунан башка жерлерин көрсөтүү мүмкүн эмес» — деп айткан», -деди облус казысы

Ал эми казыяттын аялдар бөлүмүнүн башчысы Жамила Жапашова жаш спорт сүйүүчүлөрдүн жолук күнү менен куттуктап, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

Иш-чара соңунда катышуучуларга уюштуруучулар тарабынан жолук жана китептертер белек кылынды.