Кара-Сууда жаштарга туура таалим -тарбия берүү үчүн атайын 4 бөлмөдөн турган заманбап хужра курулду

Ош облусунун Кара-Суу районуна карараштуу  Жаңы-Арык айыл аймагындагы Правда айылынын тургундары «Могол» мечитинин  алдына жаштардын туура таалим -тарбия алуулары үчүн заманбап төрт бөлмөмөдөн турган имарат курушту.

Иш-чарага Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров, Жаңы — Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Исаев, жергиликтүү имамдар жана айыл аксакалдары  катышты.

Иш-чарада Кара-Суу районунун башкы имам хатиби Абдирашит ажы Батыров, демөөрчүлүк кылган айыл тургундарына ыраазычылык билдирип, Куранды тажвид эрежелери менен окууну үйрөнүүгө чакырды.

«Пайгамбарыбыз (с.а.в) ‟Силердин эң жакшыңар Куранды үйрөнгөнүңөр жана үйрөткөнүңөр” деп айткан. Илим издөө ар  бир мусулманга парз. Ошондуктан  келгиле баарыбыз Кураны Каримди тажвид эрежелери менен окууну үйрөнөлү жана үйрөтөлү», — деди Абирашит ажы Батыров.

Ошондой эле «Могол» мечитинин имамы Рахмидин Апсаматов имараттын курулушуна салам кошкондорго терең ыразычылык билдирди.

Жыйынтыгында айыл аксакалдары мамлекетибиздин тынчтык амандыгын жараткандан сурап дуба кылышты.