Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жаштарга «Ата-энени сыйлоо» деген темада өз баяндамасын жасады

30-январда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев «Инсан таануу» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган иш-чаранын алкагында ОшМУнун филология факультетинин жыйындар залында жаштарга «Ата-энени сыйлоо» деген темада өз баяндамасын жасап, башталып жаткан офлайн окууларына ийгиликтерди каалады. 

Студенттер менен жолугушууда Убайдулла ажы жаштык кезди күнөөдөн алыс болуп, ата-эненин жүзүн жерге каратпагандай өткөрүү боюнча өз акыл насааттарын айтып, жаштарды адептүү болууга чакырды.

 «Жаш бутак тез ийилет» демекчи жаштык кезде көп иштерди аткарууга күч жана убакыт табылат. Убактыбызды туура пайдаланып, алдыбызга койгон максаттар үчүн окуп аракеттенсеңер жаман иштерден алыс болосуңар. Анткени бузукулук иштер бекерчиликтин айынан болоорун унутпоо керек. Ата-энеңердин жүзүн жерге каратпай адал эмек кылып, туура жолдо жүрүү менен адептүүлүктү сактап калгыла»,- деди Убайдулла ажы Сарыбаев.

Айта кетсек,  семинардын аягында суроо-жооп форматында уланып, жаштар өздөрүнүн кызыгып жүргөн диний суроолоруна жооп алышты. Мындай семинарларды бат-баттан өткөрүп туруу пландалды.