Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев жалпы аялзатын жоолук күнү менен куттуктады

Урматтуу апалар, эже карындаштар! Баарыңыздарды бүгүнкү 1-февраль «Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү» менен куттуктаймын. Динибизде аял кишинин жоолук салынуусу фарз амал болуп эсептелет. Ошондуктан бул өтө маанилүү экендигин баса белгилеп айтып кетем.

Башыңыздардан ак жоолугуңуздар эч качан түшпөсүн. Тээ эзелтеден биздин апалар ар дайым ак жоолугун башына салынып, салтыбызды бекем кармап келишкен. Биздин улуттук баалууктарыбыз менен диний баалуулулуктарыбыз бири-бирине шайкеш келет. Ошондуктан убакыттын өтүшү менен улуттук баалуулуктар менен диний баалуулуктар бири-бирине жуурулушуп кеткен.  

Бүгүнкү күндө демократия принцибине таянып, ар кандай күчтөрдүн таасири астында жоолук салынуу бир аз басаңдап калганы менен чыныгы ыкластуу, жүрөгүндө бекем ыйманы бар эже карындаш, апаларыбыз башына ак жоолугун салууну улантып келе жатат. Бул нерсенин түбөлүк болушун Алла Тааладан сурап кетем. Күн өткөн сайын саныңыздар арта берсин.  Баарыңыздардан Аллах Таалам ыраазы болсун!