Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүнө карата Москва шаарында «Жоолугум менин намысым» аттуу иш-чара уюштурулду

Бүгүн, 1-февралда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлчүлүгү тарабынан «Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү» белгиленди.

Иш-чарага Москвада эмгектенип жүргөн кыз-келиндер катышып, Ислам дини ыйманга,  бийик адеп-ахлакка, билим алууга жана инсандык баалуулуктарды үйрөтөөрүн билдиришти.

«КМДБнын Орусиядагы өкүлчүлүгү энелер, кыз-келиндер арасында атайын окууларды уюштуруп, Ханафий мазхабыМатурудий акыйдасы боюнча буга чейин сынактарды дагы уюштуруп келген. Албетте, бул күндү утурлай «Жоолугум менин намысым» аттуу иш-чаранын уюштурулуусу аялзатына болгон камкордукту күчөтөт деп ишенем»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.