“Ас-Салам” кайрымдуулук фонду Ак-Суу районунун борбордук мечитине 17 тонна кара алтын түшүрүп берди

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун борбордук мечитине “Ас-Салам” кайрымдуулук фонду 17 тонна көмүр түшүрүп берди. Бул тууралуу аталган аймактын баш имам хатиби Асантур ажы Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, кайрымдуулук кылган фонддун өкүлчүлүгүнө терең ыразычылыгын билдирүү менен бирге көмөк катары келген кара алтын  Теплоключенка айылындагы 3 мечитке бөлүштүрүлүп берилээрин кошумчалады.

“Биз жергиликтүү хатибияттын менен Теплоключенка айылындагы бардык мечиттердин  жамаатынын атынан “Ас-Салам” кайрымдуулук фондунун өкүлчүлүгүнө жана өзгөчө аталган уюмдун вице-президенти Бакыт Сарыбаеге терең ыраазычылык билдиребиз. Алардын жасап жаткан кайрымдуулук иштерин Аллах өзү кабыл кылсын. Иштерине ийгиликтерди каалап, жасап жаткан алгылыктуу аракеттерин Жаратканыбыз берекелүү кылсын. Анткени бул фонд  Ак-Суу районунда көптөгөн кайрымдуулук  иштерди жасап келет”— деди райондун баш имам хатиби  Асантур ажы Абдрахманов.

Белгилей кетсек, Ак-Суу районунун борбордук мечити жайгашкан Теплоключенка айылы Ысык-Көл облусундагы калктуу аймактардын катарына кирет. Ал жакта 14 миңден ашуун эл жашайт.