Азирети Муфтий Түркия дин иштери башкармалыгынын башчысынын орун басары Селим Аргун менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Түркия дин иштери башкармалыгынын башчысынын орун басары  доктор Селим Аргун баштаган делегаттар менен жолугушуп, достук алакалардын бекемделиши, Түркия дин иштери башкармалыгы менен Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын эки тараптуу кызматташуусун жакшыртуу, тажрыйба алмашуу жана квалификациялык адистерди даярдоо жаатында пикир алышты. Азирети Муфтий эки тараптуу жолугушуу алкагында Түркия дин иштери башкармалыгынын башчысы доктор Али Эрбаш мырзанын кыргыз жерине келиши чоң сыймык экендигин айтып, эки боорбош элдин достугу мындан дагы бекемделе беришине тилектеш экендигин билдирди.