Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Зиябидин Абдираим каары уулунун дүйнөдөн кайтышы боюнча көңүл айтты

Үлкөн каары Зиябидин Абдираим каары уулунун дүйнөдөн кайтышы жалпы мусулмандар үчүн оор жоготуу жана чоң кайгы. Орду толгус оор жоготууну терең кайгыруу, жүрөктөрдүн сыздашы менен кабыл алып, Зияуддин каарынын үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, жакындарына Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан көңүл айтам.

Зиябидин Абдираим каары уулунун Ислам ааламына, өзгөчө динибизге кошкон салымы зор. Ал Алла Тааланын сөзү болгон улуу Курани Каримди төрөлгөндөн угуп, бул ааламдан өткөнгө чейин жүрөгүнө бекем түйдү. Ошондой эле Зияуддин каары шакирттерди тарбиялап, аларга Куранды  үйрөтүп эле тим болбостон инсандык жагынан боорукер, тегерегиндеги адамдарга дем-күч берип, кам көрүп келген адамдык касиети бийик инсан болгон.

Анын бул дүйнө менен кош айтышы жеке эле анын жакындары,туугандары үчүн гана эмес, өлкөнүн бүтүндөй мусулмандары үчүн  да чоң жоготуу болуп эсептелет.

Үлкөн каары Зиябидин Абдираим каары уулун акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртен, 2-сентябрында Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу проспектиси №264 дарегинде жайгашкан Кыргызстан Мусулмандарынын республикалык жаңы борбордук мечитинде бешим намазынан кийин болмокчу.