Азирети Муфтий Орусия жана Татарстан Республикасынын Азирети Муфтий менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Орусия Муфтийлер Кеңешинин төрагасынын орун басары Аббясов  Рушан Рафикович жана Татарстан Респуликасынын Азирети Муфтийи Самиугллин Камиль Искандерович  менен жолугушуп, дин башкармалыктар аралык кызматташууну жакшыртуу, маданий иш чараларды биргеликте өткөрүү жана тажрыйба алмашуу жаатында пикир алышты. Өз кезегинде Азирети Муфтий чакырыкка жооп берип келген конокторго ыраазычылык билдирүү менен Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы ар дайым кызматташууга даяр экендигин баса белгиледи.