Ош облустук мусулмандар казыятында райондун башкы имам хатибтерине жыйын болуп, бул жылы аткарылуучу иш-пландар талкууланды

Кечээ, 2-февралда Ош облусунун мусулмандар казыятында райондун башкы имам хатибтерине жыйын болуп болуп, жыл ичинде аткарылуучу иш-пландар, беш тараптуу келишимдин Ош облустук мусулмандар казыятына тиешелүү пунктарын жүзөгө ашыруу, экстремизм жана террозимдин алдын алуу, жума намаздарын өз убагында окуу маселеси талкууланды. Жыйын соңунда райондун башкы имам хатибтерине тийиштүү  тапшырмалар берилди.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, ДИМКнын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош облустук казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, ДИМКнын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн адиси Фархатбек Адилбек уулу, казыяттын эмгек жамааты жана облуска караштуу бардык райондун башкы имам хатибтери катышты.

Иш-чарада Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев кызмат орду аманат экенин баса белгилеп, акыйда маселесине көңүл буруу жана жума намаздарын белгиленген убакытта окуу зарылчылыгына токтолду.

«Бардык жыйындарда акыйда меселесине жок дегенде 10 минута убакыт бөлөмүн. Анткени коомубузду башка агымдардын азгырып кетүүсүнө бөгөт коюшубуз керек. Башка агымдар коомубузду бузат. Коом бузулса өлкө бузулат. Жума намаздарын белгиленген убакыттан өткөрүп жибербестен, өз убагында окуубуз кажет. Себеби жуманы калтырбоо үчүн ишинен жооп сурап келгендер, мечитке батпай эшикте суукта жайнамазын жайып жума окуп алсам дегендер бар. Алардын да акысына кирбөө үчүн жума намазын өз убагында окуйлу», — деди облус казысы Самидин кары Атабаев.

Ал эми ДИМКнын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков Мамлекеттин Дин чөйрөсүндөгү саясаты, дин багытындагы мыйзам актылары, каттоодон өтпөгөн диний уюмдарды мыйзамдаштыруу жана чечүү жолдоруна токтолду.